Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды өлтүрүүгө шектелген бала эки айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, шектүү сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, ал Кемин райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Эскерте кетсек, 22-сентябрда бош турган үйлөрдүн биринен кыздын жансыз денеси табылган. Ага шектүү катары буга чейин соттолгон К.А. аттуу Кашкелең айылынын тургуну, 20 жаштагы бала кармалган. Ал 20-сентябрда, болжол менен 21:30дар чамасында көчөдөн көрүп калган кызды зордуктоо үчүн бош турган имаратка күч менен сүйрөп кирген. Кыз каршылык көрсөтүп кыйкырганда аны сабап өлтүргөн. Шектүү жигиттин изи сууй электе милициялар кармап, убактылуу кармоо жайына киргизген. Бул факты Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ