Menu

Күзүндө оор экономикалык абал күтүлөт, Атамбаевдин бийлиги коррупцияланып кеткенден кийин Батыш менен Америка берчү жардамын кескин кыскартты

Бөлүшүү:

Күздөн тарта Кыргызстанда оор экономикалык абал пайда болот. Бул тууралуу коомдук ишмер Равшан Жээнбеков белгиледи. Анын айтымында, мурда биздин өлкөгө маанилүү инфраструктуралык долбоорлорго жана бюджетти колдоого 3-4 мамлекет акча берип келсе, акыркы ызы-чуулардан кийин эми алар токтойт. «Кыргызстанга Кытай, Россия, Батыш менен Америка чоң акчаларды берип келди. Атамбаевдин бийлиги коррупцияланып кеткенден кийин Батыш менен Америка берчү жардамын кескин кыскартты. Россия санкцияларды киргизгенден кийин экономикасы да, каражат абалы да оорлоп кетти. Жакынкы 5-10 жылда алар бизге жардам бере албайт. Ал эми Кытай бизге жакшы акча бермек. Бирок, акыркы окуялардан кийин (ТВЕА, «Датка-Кемин», жолдор ж.б.) Кытайга болгон терс коомдук пикирлер ырбады. Экинчиден, өкмөт Кытай берген акчаны уурдатып жиберди. Булардан кийин Кытай да бизге акча берүүдө ойлонот. Ошентип, бюджетибиздин абалы оорлоп баштайт» дейт Равшан Жээнбеков.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: