Menu

Сапар Исаков канчалык амалкөйлөнүп, кууланып, кур чечендикке салбасын бары бир ага кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Канчалык амалкөйлөнүп, кууланып, кур чечендикке салбасын, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдан келген 386 млн долларды максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду. Ал буга чейин УКМКга эки ирет күбө катары суракка чакырылган. Үчүнчүсүндө, 29-майда да суракка чакырылып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун, айып тагылганын билип чыкты. Чыга калып эле ал журналисттерге “Мага кылмыш иши козголгонун жаздыңар да. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгып, нес болуп турам”, — ​деп даттанып алды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалымат булактарына С. Исаковго карата козголгон кылмыш иши боюнча төмөндөгүчө комментарий берди: “Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралды. Такталган маалымат боюнча, ал 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын-ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу жалдануучуну тандоодо чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Мунун жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкка ири өлчөмдөгү чыгым келтирилген”.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: