Menu

Астана: Улуттук кордун активдери камактан бошотулду

Бөлүшүү:

Брюссель соту Казакстан Улуттук корунун 21,5 миллиард доллар активин алдын ала камактан чыгаруу чечимин чыгарды. Казакстан Юстиция министрлиги кабарлагандай, сот Улуттук кордун камакта калган 530 миллион доллар активинин тагдырын Улуу Британия соту чечерин билдирген.

Казакстан бийлиги Улуттук кор активинин калган бөлүгүн камактан чыгаруу үчүн Улуу Британияда тиешелүү жумуштарды алып барат.

2017-жылы New York Mellon банкы молдовалык бизнесмен Анатол Статинин Казакстан өкмөтүнө каршы арызы боюнча Казакстан Улуттук корунун 22 миллиард долларын тоңдурганы маалым болгон.

Казакстандын Юстиция министрлиги акыркы беш жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тараптан төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылууда. Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати казак бийлиги аны инвестициялардан кол жуудурууга аракеттенгенин билдирип келет. Астана бул айыптоолорду четке кагууда.

Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ долларын берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан бул сумманы төлөөдөн баш тартып, ишкер менен анын компанияларына каршы Вашингтон округдук сотуна доо арыз берген. 2018-жылы 23-мартта Колумбия соту Статинин пайдасын чечим чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: