Кечээ, 17-январь күнү Бишкектеги Ош базары менен Баткен базарынан жана анын аймагындагы кайыр сурап жүргөн, иштөөгө аргасыз болгон 6 бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек мэриясы Ленин райондук милициясынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте кайыр сураган, аргасыздан иштөөгө мажбур болгон балдарды аныктоо максатында рейд жүргүздү.
Алардын айтымында, кармалган алты баланын ичинен төртөө ата-энеси менен кайыр сурап жүргөн. Ал эми экөө жалгыз жүргөнү аныкталган.
“Балдардын ар бир ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Оор турмуштук абалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү” – деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиздер кайыр сурап, иштеп жүргөн балдарды көрсөңүздөр, же балага болгон ырайымсыз мамилилеге күбө болсоңуздар, анда 102 номери аркылуу милицияга же үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.
Октябрь району – 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева ;
Ленин району – 882224, 883899,0708266216 Жамиля Эрмекова;
Свердлов району – 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району – 67-03-86, 0702501827 Айбек Бекетаев;
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ