13-ноябрда парламент жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев (“Өнүгүү”) коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркуловго кайрылып:
“Бул өкмөттү биз, бардыгыбыз түзгөнбүз. Киши өлтүрүүлөр болуп жатат – ким жооп берет? Лейлекте, Кадамжайда шахталарда кишилер курман болду – ким жооп берет? Жасалма паспорттор чыгып жатат – жоопкерчилик кана? Бүджет толбой жатат – ким жооп берет? Мындай суроолор оголе көп. Өкмөт отставкага кетсин же жаңы коалиция түзөлү”, – деди ал. Андан кийин Иса Өмүркулов (КСДП) сөз алып, “эмоцияга алдырбай, бардыгын бир жерге үйө бербей” деп мындай деди:
“Оппозициянын өз укуктары бар. Өкмөткө альтернативдүү отчет киргизгиле: бүджет боюнча, багыттар боюнч өз көз караштарыңарды келтиргиле. Трибуна турат, чыгып сүйлөгөнгө акыңар бар. Эгерде отчетуңар бизге жакса, колдоп беребиз. Бул жерде кандайдыр бир догма жок да. Эгерде өкмөт иштебесе, ага да өз баабызды беребиз. Биз элге душман эмеспиз. Эгерде коюлган милдеттерди аткарбаса, сөзсүз алмаштырабыз”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ