Menu

Этика кеңсеси: Трамп өз активдерин башкаруудан баш тартышы керек

Бөлүшүү:

Этика боюнча америкалык өкмөттүк кеңсе АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Акүйгө келгенден кийин кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн бизнес-активдерин сатып же башка адамдарга ишенимдүү башкарууга бериши керектигин билдирди.

Шейшембиде жарыяланган катта Трамптын бизнесин балдарына өткөрүп бериши толук чара эместиги айтылган.

Шайлоо өнөктүгү маалында сенатор-демократ Том Карпер Дональд Трамп Американын жаңы тарыхында кирешеси жана мүлкү боюнча декларация тапшырбаган алгачкы президентикке талапкер экенин билдирген.

Трамптын АКШдагы жана чет өлкөлөрдөгү активдерине анын президент катары кабыл ала турган чечимдери олуттуу таасир этиши мүмкүн. Учурдагы мыйзам аткаруу бийлигинде иштеген адамдарга жеке каржы кызыкчылыктарына, анын ичинде үй-бүлөсү же ишкердик өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына байланышкан маселелер боюнча саясий сунуш иштеп чыгууга тыюу салат.

Бейшембиде Дональд Трамп басма сөз жыйынын өткөрүп, өз активдерин кантип башкара тургандыгын түшүндүрүп бермек. Бирок бир канча күн мурда маалымат жыйыны январга жылдырылганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: