Футбол. Бул оюндун канчалык керемет экенин аны жан-дүйнөсү менен туйган чыныгы фанаттар гана сезет. Ошондуктан ааламдагы «мен- мен!» деген философтор да ага карата ташка тамга баскандай аныктамаларын айтып келишкени да бекеринен эмес. Бири «футбол-это безумное искусство»десе, дагы бирлери «футбол –спорттун падышасы» деп келишет. Ак сөз! Футбол демекчи, бул ириет бизге чейин миңдеген жазмакерлер айтып, жазып, көрсөтүп, уктуруп келген аталган оюндун чоң фигуранты катары саналган Зинедин Зидан тууралуу ойлорубузду өз окурмандарыбызга тартуулоону эп көрүп олтурабыз. Анда кеттик…
Зинедин Зидан. Учурда 46 жашта. (1972-жылы 23-июнда туулган) Түпкү теги Алжирден. Анын биографиясында Зинединдин ата-энеси 1953-жылы башталган «алжир согушунан» улам Францияга эмигрант болуп көчүп келгени, ал төрт бир туугандын эң кенжеси экени, (эжеси Лилия, бир тууган байкелери Фарид, Нордин) атасы жөнөкөй эле дүкөндө катардагы жумушчу, апасы үй кожойкеси болгону айтылат. Учурда өзү да (Энцо, Лука, Эльяс, Тео аттуу) төрт уулдун сүйүктүү атасы. Убагында «Реал» (Мадрид), «Ювентус», «Бордо» сыяктуу даңкы бар футболдук клубдарда ойногон. Зинедин Зидан өз учурларында өзүнүн футболдук чеберчилиги менен жер планетасындагы футбол күйөрмандарын далай ириет таң калтырган, кереметүү оюндары менен.
Зинедин Язид Зидан үч жолку (1998, 2000, 2003-жылдары) «Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу» деген бийик даражанын ээси. 1998-жылы «Алтын топтун» ээси болгон. 2004-жылы, акыркы 50 жыл ичинде УЕФАнын «эң мыкты чабуулчусу» деген футболдогу дагы бир кадыр-барктуу наамды да бөктөрүп кеткен. 1994-жылдан тарта 2006-жылга чейин Франциянын улуттук курама командасында ойногон жана ошондой эле 2016- жылы Франциянын футбол тарыхында биринчилерден болуп «эң мыкты оюнчу» аталган. (Жаш чагында футболдон тышкары дзю- до менен да машыгып, «жашыл курдун» ээси болгону айтылат.) Кийин, ар нерсенин убакыт-сааты келет дегендей чоң футболдон кетип, оюн талаасына чыкпай калганы менен ишин кайрадан эле футбол дүйнөсүнө бөлүп, машыктыруучулук ишке өткөн. Анда да чыныгы профессионалдыгын көрсөтөт. Натыйжада, ал жетектеген, машыктырган, анын ж е т е к ч и л и г и астында Испаниянын корольдук к л у б у а т а л г а н «Реал» (Мадрид) к о м а н д а с ы ү ч жолу Чемпиондор лигасын, эки жолу УЕФАнын Супер кубогун, бир канча жолу Испанянын жогорку баскычтагы клубдарынын арасында башкы байгени жеңип алган. 2017-жылы ФИФАнын версиясында «Дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучусу» деген ардактуу титулдун ээси болгон. Спорттун падышасы аталган эл аралык футболдун башкы фигуранттарынын бирден бири- Зинедин Язид Зидандын футбол дүйнөсүндөгү айтып бүткүс таржымалынын негизги өзөгү ушундай. Учурда ал бош, үй-бүлөөсү жана жубайы менен бу жарыктыктын бактылуу күндөрүн өткөрүүдө. Мындан 5 ай мурун «Реал» Мадрид клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан өз арызынын негизинде кеткен.
Бирок… бул анын чоң футбол менен кош айтышып кетти дегендикти билдирбейт. Ал тууралуу жакында Европадагы “El Mundo Deportivo” басылмасы тараткан маалыматка караганда тажырыйбалуу чебер машыктыруучу менен Италиянын “«Ювентус», Англиянын «Манчестер Юнайтед», Франциянын “ПСЖ” жана Германиянын «Бавария» сыяктуу лөкүйгөн футболдук клубдарынын кожоюндары Зинедин Зидан менен (коомчулукка ачык жарыяланбаган) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чоң суммадагы акчалар сунушталып жатканы туурасында жазып чыкты. Ал эми Зидан болсо бул имиштер тууралуу азырынча ачык үн ката элек.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ