Menu

Фото – Жаздын келиши менен Аксыдагы асфальт заводу ишин баштайт

Бөлүшүү:

Жаз айынын келиши менен Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Көлдө-Сайдагы асфальт чыгаруучу заводу өз ишин кадимкидей күрдөөлдү баштайт. Өткөн жылы Япония өлкөсүнүн грантынын эсебинен 288 млн. 288 миң сомго курулган асфальт чыгаруучу жаңы завод өз ишин баштаган. Былтыркы жылы райондогу 6 км жолго төшөлгөн сапаттуу асфальтты ушул заводдун жумушчулары чыгарып беришкен.

-Япония өлкөсүнүн грантынын эсебинен курулган асфальт чыгаруучу завод былтыр кечирээк ишке киргизилип калгандыктан асфальтты кеңири чыгаруу мүмкүнчүгүгүнө жетишпей калганбыз. Жаз айынын келиши менен ишибизди толук кандуу баштап, завод өз кубаттуулугунда иштей баштайт. Бизде күнүнө 250 тонна сапаттуу асфальт чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бардык иштер автоматташтырылган. Заводдун бардык жабдуулары менен агрегаттары япония өлкөсүнүн өндүрүшүнөн чыгарылган. Мындан сырткары асфальт ташуучу “Исуси” үлгүсүндөгу 3 самосвал, 1 экскаватор, 1 погрузчик, 1 техникалык тейлөө автомашинасы жана 1 автогрейдерибиз бар. Бизде иштей турган бардык техникалар япониядан чыгарылган. Жаз чыгары менен асфальт чыгаруу иштерин жандуу алып барууну мерчемдеп жатабыз,- дейт асфальт чыгаруу заводунун директору Алмазбек Муратбеков.

Жалпы жонунан  асфальт заводунда 12 жумушчу эмектенишет. Алардын орточо эмгек маяналары 10 миң сомдон жогору. Аксыдагы асфальт чыгаруучу завод Таш-Көмүр шаарынын, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун асфальтка болгон керектөөлөрүн толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

18-январда Аксы районуна болгон расмий иш сапары учурунда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев асфальт заводунун иши менен жеринде таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

  Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: