Menu

Бажы тараптан үн чыкпайт го?

Бөлүшүү:

Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө опол тоодой каражат керектелет, туурабы? Ошол акчаны каяктан жыйнаса болот деген суроо иймейе чыга калат. Анда эмесе билгенибизди божурайлы да? Маселен салыктан, бажыдан, башка төлөмдөрдүн эсебинен кампайабыз деп коелу.

Тилекке каршы “Кулматов берген байталды башкасы келип кайта алды”- дегенге кандай карайсыңар? Анткени акыркы айларда бажы тараптан үн-сөз жок. Кулак, мурун кескендей тынчтык өкүм сүрүп калды, же кабар алгандар барбы көмүскөдө? Көздү чекчейткен миллиондор каякты көздөй учуп кетип жатат болду экен? Планды болсо эптеп 100%га толтурушту.

Элди алаксытыш үчүн ар кандай амалдарды колдонушаары белгилүү. Ошол эле ТЭЦтин “икаясы” азыр эч кимди ойго салбай калды. Эскирген чапандай нерсени ким санаасына чөгөрмөк эле? Кармалган “каармандар” болсо караңгы жерде камандай күркүрөп жатканы эле болбосо өзгөрүү билинбейт. Элди кышында үшүбөсүн деп чебелектеген Осмонбек Артыкбаевди эмне мынча түйшүккө салышты деген акыйкат талап бекерден коюлбаса керек күн тартибине. Андан көрө бажынын “арыгынан” аккан алтын “сөлкөбайларды” ирээтке келтиришсе майнаптуу болмок. Баса, Кочкор-Атадагы мунай майды жашыруун түтүк менен сордуруп алып байыгысы келгендерди эми колго түшүрө албай кайрадан шерменде болушпаса экен. Ушинтип эле мамлекетке түшө турган акчалар шылуундардын “ашказанын” майлап жатканы капилеттен чыга калбагандыр? Мунун артында тойбостор бар экенин билсе деле билгиси келбегендердин “тукумун” соолутушканда гана оңолуу чыйырына түшөбүз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: