Menu

ЭККМК чет өлкөдө ишке орноштурууга байланышкан мыйзамсыз ишкердик фактысын аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары – ЭККМК) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган “Pro Style” жоопкерчилиги чектелген коомго (ЖЧК) карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу КРӨгө караштуу ЭККМК басма сөз кызматы билдирди.

ЭККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына кайрылуу (маалымат) келип түшкөн, анда жарандарды ишке орноштурууга байланышкан мыйзамсыз ишмердиктин кесепетинен Кыргыз Республикасынын “У.Т.” деген жараны (Чехия Республикасында документтери жана медициналык камсыздандыруусу жок) оор турмуштук кырдаалга туш болуп калган.

Мурун “У.Т.” деген жаран тарабынан “Pro Style” ЖЧКга Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 1 миң АКШ доллары төлөнгөндүгү аныкталды, аталган ЖЧКнын шарттарына (убадаларына) ылайык “У.Т.” деген жаранга Чехия Республикасына келгенде жумуш орду жана жашоосу үчүн керектүү документтер берилиш керек болчу. Бирок  Чехия Республикасына келгенде “У.Т.” деген жаран убадаланган жумуш орду, керектүү документтери жана медициналык камсыздандыруусу жок калган. 

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзгөн учурда “Pro Style” ЖЧК Кыргыз Республикасынын жарандарын Бишкек ш., Чүй пр. 28/1 дареги боюнча ишке орноштуруу ишмердигин жүргүзүп келишкендиги аныкталды, мында аталган ЖЧК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун мыйзамдуу жөнөтүүлөр реестринде катталган эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат алган эмес. 

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууга байланышкан ишмердик Кыргыз Республикасынын “Тышкы эмгек миграцисы жөнүндө” Мыйзамына ылайык жүзөгө ашат, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө” жобо менен жөнгө салынат, ага ылайык жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан ишке лицензия берилүүчү ишмердиктин түрү болуп саналат.

Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде “Pro Style” ЖЧК ишмердигин жүргүзүп жаткан жерге тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө мыйзамсыз ишкердик ишке багытталган мыйзамга каршы иш-аракеттерди күбөлөндүргөн финансылык-чарбалык ишмердик жөнүндө документтер табылган. 

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

КРӨгө караштуу ЭККМК басма сөз кызматы Сиздерди кызыктыра турган жана таттуу убадаларга ишенбөөңүздөрдү суранып, ошондой эле компаниялардын ишмердик тарыхтарын кунт коюу менен жана шашпай карап чыгууну, милдеттүү түрдө жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан ишке уруксатын (лицензиясын) берилүүчү суроону сунуштайт. Ошондой эле, ушундай кырдаалдарда тезинен ЭККМКга төмөнкү дарек боюнча кайрылууңуздарды суранат: Бишкек ш., Манас пр., 101/1, оозеки кайрылуу үчүн Нөөмөт бөлүмүнүн телефону (0312) 323 091, 323 707. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: