Белорусияда, Орусияда жана Казакстанда кара учук (туберкулез) менен ооругандардын дартын айыктыруу кыйынга турууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.
Жыл сайын кара учук жаңы дарыларды улам тоготпой, миллиондогон кишилердин өмүрүн алып келет. Кара учук болгондо, көк жөтөл кое бербей, киши чарчаңкы келип, салмагын жоготот. Бул дартка дары-дармектер даба болбой жатканы да чын. Мындай кара учук аба аркылуу жугат. Азыркы дүйнөлүк миграциялык процесстерден улам ар бир киши жуктуруп алуусу ажеп эмес.
Global Fund (СПИД, кара учук жана малярия менен күрөшкөн глобалдуу фонд) бул оору боюнча бардык өлкөлөргө эскертүү берүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ