Баткен облусунун Кадамжай районунун Охнан айылындагы №3 мектеп-гимназиянын эски имараты 1985-жылы курулган. Мектепке кийин капиталдык ремонт жасалып, балдарды окутуп келишкен. Быйыл сентябрдан тарта жаңы эки кабаттуу, 225 орундуу мектеп ишке киргизилген. Бирок окуучулар көп болуп, 600дөй бала окуп келет. Жарымы эски мектепте окуганга мажбур. Бул тиешелүү нормаларга туура келбейт. Балдар эки смен окушат. Көрсө, мектепте орус класстары бар экен. Ошондуктан бул мектепке Кулду, Кош-Дөбө, Өндүрүш, Кызыл-Мазар, Сары-Талаа айылдарынан да балдар келип окушат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ