Menu

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: “Атамбаевдин бийлигинин кулашына Абдил Сегизбаев себепкер болгону калды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-ноябрда бир нече камакка алынган саясатчылардын жакындары УКМКнын алдында нааразычылык митинг өткөрүштү. Саясий туткундар “Элдик парламенттин” өкүлдөрү, УОКтун лидерлери жана Э.Карыбеков, Д.Сарыгулов, экс-депутат Максат Кунакунов, жаш активист Мелис Аспековдор. Митингге коомдук ишмерлер, коомдук активисттер жана журналисттер катышты. Экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик тарабынан саясий куугунтукка алынган саясатчылар күнөөсүз эле камалып кеткенин айтып, Атамбаевди жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди сынга алды: -2005-жылдагы Акаевдин бийлигинин кулашына Жанузаков менен Абдил Сегизбаевдин таасири абдан чоң. Булар революциянын келип чыгышына себепкер болушкан. КТР аркылуу бир жактуу маалымат таратышкан. Кийин, революцияда Абдил Сегизбаевди элдер колу-бутунан сүйрөп кетишкен. Эгерде аны ажыратып калбагандар болбосо абалы жаман болмок. Эми, ал өткөн тарыхын унутуп, эми Атамбаевдин бийлигин жек көрсөтүп жатат. Дагы элдик толкундоолорго Абдил Сегизбаев себепкер болуп калышы мүмкүн,-дейт мурдагы Акыйкатчы. Атамбаев оппозицияда жүргөндө анын эң ишенимдүү жана туруктуу колдоочусу болуп жүргөн Кубаныч Кадыров кайра Атамбаев тарабынан куугунтукталып жатканына мындай оюн айтты: – Кубаныч Кадыров убагында Балыкчыда Атамбаев үчүн токмок жеп, жанында бекем туруп берген. Жигиттик кылып сатып кеткен эмес. Бирок, бүгүн ал Атамбаевдин бийлигинин куугунтугун жеп жатат. Кадыровдун күнөөсү башкалардай болуп Атамбаевге кошомат кылбай, кемчилигин бетке айтканында. Сын айткандардын баарын камай берсе, анда баары эле Атамбаев менен Сегизбаевге кошомат кылыш керекпи?!,-дейт Т.Акун. Терроризмге тийешеси бар деп айыпталган экс-депутат Максат Кунакунов боюнча мындай деди: -Азыр УКМК өздөрү террорчулук кылып атат. Максат Кунакуновду террорист дегенге ким ишенет? Булар такыр эле аша чаап, бейкүнөө адамдарды террорист деп камакка салганды адат кылып алды,-деген Турсунбек Акун саясий куугунтук журналисттерге, эркин оюн айткан жарандарга да болуп жатканына токтолду: -Мурда, Дайырбек Орунбеков Убактылуу өкмөттү күнөөлөп, Кадыржан Батыров менен Атамбаевдин мамилеси болгонун, Убактылуу өкмөт аны өздөрү качырганын жазып куугунтук жеп жүрсө ишенген жок элем. Азыр, Орунбековдун Ош коогалаңы тууралуу жазгандары чын чыкты. Эми ушул жаш балага теңелип президент аны 2 000 000 сом доого жыгып, камайбыз деп жатышат. Ушундай кантип чектен ашкандык болсун? Мен укук коргоочу катары калыс оюмду айтып келгем жана айта берем. Азыркы саясий куугунтукка кабылгандардын эч кимисинин күнөөсү жок,-дейт Турсунбек Акун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: