Франциянын бийлиги Кале портундагы мигранттардын лагерин тазалоо операциясын баштады. Лагерде Ооганстандан, Сириядан, Эритреядан жана Сомалиден барган качкын (6,5 миңден 10 миңге чейин), анын ичинде 1300 кароосуз бала жашайт.
Бийликтин божомолунда лагерди тазалоо иштери бир жумага созулат. Ага жалпысынан 1200 полициячы тартылган.
Өкмөт бир канча жолу лагерди жаап, андагы качкындарды Франциянын башка аймактарында жайгашкан 300 миграциялык борборго жайгаштыруу аракетин көргөн. Акыркы аракет 2016-жылдын февралында болгон. Бирок алар дайыма мигранттардын жапырт нааразылыгын жаратып, идея ишке ашпай келген. Каледеги лагерь Ла-Манштын жээгинде жайгашкандыктан мигранттар башка жерлерге баруудан баш тартышкан.
Жакынкы убактарга чейин ал жер Улуу Британияга өтүп кетүүнүн эң оңой жолдорунун бири болгон. Бирок Британия Каледе мигранттарга каршы дубал тургузгандан кийин өлкөгө кирүү кыйла оор болуп калды.
Бийлик каалоочулар Франциянын башка аймактарындагы качкындар борборлоруна жөнөтүлөрүн билдирди. Лагерден кеткендерге Франциядан баш калка берилери убадаланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ