Өткөн жумада Ак үйдүн алдында Бакыт Мендешов деген адам Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Абдыкапар Султановго нааразычылык билдирип, өзүн өрттөгөнгө аракет жасаганда милиция кармап кеткен эле. Аялы депутат Султановдун тууганына таандык фирмада иштеп, ак жеринен каржылык мыйзам бузууларга барган деген айып менен камалып жатканын айткан Мендешов, бийлик өкүлдөрүнөн иштин акыйкат иликтенүүсү үчүн жардам берүүсүн өтүнгөн. Бирок, анын айткандары боюнча эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн, ал бүгүн дагы жакындарын ээрчитип Ак үйдүн алдына келип, өздөрүн өттөгөнгө аракет кылышты. Бирок, бийлик тараптан алардын үнүн уга турган адам чыккан жок. Болгону милиция кызматкерлери менен өрт өчүргүчтөр келип, окуяга көз салып турушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ