-Президенттикке ат салышам деген оюу бар Келдибеков келечекте ишке ашырам деген максат менен чоң пландарды түзүп жатат. Шайлоого катышса болот. Мурдагыга салыштырмалуу жолу ачылып калыптыр. Бирок, үч айга чейинкисин гана айтам. Алдан кийинкисин кийин айтам. Учурда Келдибеков чоң суммадагы каражатка баш оорутуп, маселени жогору жактагы бир адам менен жолугуп, чечем деп ойлоп жатат. Келдибековго бийлик тараптан колдоо болуп калышы ыктымал деген аян түшүп жатат. Сөзүнө турса, иши илгерилейт. Узак жолго чыкпай, машинанын алдына эмес, артына отурушу керек. Анткени, муну көрө албай, бут тоскондор көп. Алар Келдибековду алсыратыш үчүн психологиясына таасир эте турган сөздөрдү айтып, оңой зле чарчатып коюшат. Эмнеси болсо да, Келдибеков сак болуп, ийгиликке тымызын аракет кыла бериши керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ