Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу доктурлардын көзөмөлүндө дарыланып жатат.
Бул тууралуу казак лидеринин расмий интернет сайтына кыска билдирүү чыкты. Ак ордонун маалымат кызматы президент Назарбаев тумоолоп калганын билдирди.
Казак президентинин ден соолугуна байланыштуу мындай расмий кабар президенттик администрациянын сайтына алгачкы жолу чыгып жатат.
Кечээ Назарбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөн жана айрым чет өлкөлөрдүн Казакстандагы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу иш-чарасына катышкан.
13-октябрда президент Ереванга расмий сапар менен барышы керек.
76 жаштагы Назарбаев 1991-жылдын декабрь айынан бери Казакстанды жетектеп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ