Menu

Министр Чынгыз Айдарбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстембековго болуша кетти

Бөлүшүү:

Тышкы иштер министри 23-январда басма сөз жыйынын өткөрүп жатып, журналисттердин сынына кабылган Тажикстандагы элчиге болуша кетти.

“Жаныш Рүстембеков – тажрыйбалуу кадр. Ал Тажикстан менен маселелерди комплекстүү чечип жатат. Анын кадыр-баркы бар, сүйлөшкөндү билет”, -деди ал.

Мындан тышкары Ч.Айдарбеков эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерге токтолду: “2019-жылы чегарада кандай жаңжал чыкпасын, эки тарап тең ыкчам барып, чоң жаңжалга айланууга жол бербей келди. Чегараны делимитация кылуу маселеси кечээ эле чыга койгон жок. Ал 1990-жылдардын башынан бери келетат. Президент буга аябай көңүл буруп, тараптар активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Азыр Тажикстандын делегациясы Бишкекте. Биринчи жолу жер тилкелерин алмашуу боюнча маселе каралып жатат. Ар бир чарчы метр каралууда”,- деди министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: