Menu

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Улуттук башкаруу компаниясы» ААКсын түзүү демилгесин сунуштоодо

Бөлүшүү:

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун курамына 106 мамлекеттик уюм кирет. Анын ичинде 48 ишкана кирешелүү, 17 ишкана чыгашалуу, 14 ишкана бюджеттик, 26 ишкана кирешесиз да, чыгашасыз да болуп саналат, ал эми 1 ишкана кайра түзүмдөштүрүлүүдө, 9 акционердик коом банкрот абалында турат. Ошондой эле, ушундай жагдайларды эске алуу менен, Өкмөткө «Улуттук башкаруу компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү сунушу берилди. Бул тууралуу фонд башчысы Ренат Түлөбердиев Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында акциялардын мамлекеттик пакети бар ишканалар менен акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселе каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдады.

«Биз 2019-жылы «Улуттук башкаруу компаниясы» ААКсын түзүү сунушун бердик. Анын башында премьер-министрдин өзү турушу керек. Бирок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кала берет, анткени анда жаӊы холдингге берилбей турган иш-милдеттер да бар”, – деди Ренат Түлөбердиев.

Жыйын жүрүшүндө фонд башчысы депутаттарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чараларын жакшыртуу боюнча иш-план долбоору менен тааныштырып, ага Казакстандын «Самрук Казына» компаниясынын акыркы жылдардагы ийгиликтерин мисал тартты. Анын айтымында, бул компанияда коррупциялык көрүнүштөр толугу менен жоюлган, баардык көрсөткүчтөр боюнча көч алдыда барат.

Казакстандын мамлекеттик мүлкүн башкаруу жаатында коррупциялык жосундар жок деген пикирге кошулбаган депутат Кожобек Рыспаев эмне үчүн «Самрук Казына» компаниясынын ишин мисал келтирип жатканына кызыкты. «Эмне, Казакстанда коррупция жокпу?», – деген собол салды. Фонд башчысы мындай суроого Казакстанда деле коррупциялык көрүнүштөр орун алганын, бирок ал ар өлкөдө ар башка абалда экенин жооп кылды.

«Мисалы, Бишкек шаарындагы мамлекеттин карамагында турган «Караван» соода борборун эле алалычы, анда канча бутик жайгашкан, канча киреше алабыз? «Биз адегенде колубуздагы саан уйга же жумурткалуу тоокко кам көрүп, анан анын убайын көрүшүбүз керек да. Бирок, андай болбой жатпайбы», – деди депутат Кожобек Рыспаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: