“Сиз залга кирип жатканда маанайыңыз суз болду. Кандай сезим болуп жатат? Сүйүндүңүзбү же сүйүнгөн жоксузбу?” – деп сурады бүгүн, 16-июнда депутат Аида Касымалиева Кубатбек Бороновдон көпчүлүк коалициянын жыйынында.
Кубатбек Боронов депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып, пермьер-министрликке талапкер караты көрсөтүлгөнүнө карата түшүнүксүз сезимдер болгонун айтты.
“Чынын айтайын бул тууралуу кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Бир нерсени сезип турам, кийинкиге калтырбай чече турган чоң-чоң маселелер турат. Жоопкерчилик сезими бар. Сүйүнө элекмин, эртең бекитсеңиздер анан сүйүнөт болуш керек” – деди Кубатбек Боронов.
Парламенттик көпчүлүк коалициясы техникалык премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Чечим бир добуштан кабыл алынды. Ошондой эле өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы бекитилди.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келген Кубатбек Боронов сунушталган. Ал парламент кайра шайланып келгенге чейин иштей турган убактылуу техникалык премьер-министр болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ