Menu

Садыр Жапаров: “Азыр менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты”

Бөлүшүү:

Азыр менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, туугандары камаган жердештерин чыгарып бер деп келип жатышат.

Баш прокурор, УКМК, ИИМ Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда:
«Мен эч бир олигархты же кайсы бир аткаминерлерди калкалабайм. Мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» – деген элем.

Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар“, – деди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: