Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 25 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары – 2 адам;
– Ош шаар – 2 адам;
– Ош облусу – 1 адам;
– Жалал-Абад облусу- 4 адам;
– Нарын облусу – 16 адам.
Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ