Жакында Саид Улан-Батордо Монголиянын президенти, дзюдо ассоциациясынын мурдагы президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугуп, анын колунан паспорт алды. 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон Саид Моллаеи мекени Ирандан качып кетип, ага немис жарандыгы берилет деген убада айтылган.
2019-жылы Токиодо өткөн дүйнөлүк чемпионатта Иран бийлиги Саидди жарым финалда утулуп, финалга Израиль балбаны менен чыкпаганга буйрук беришкен. Ошондо ал буга макул болбой, мекенине кайткан эмес. Өзү суранган Германия жарандык маселесин чечпей келгенинен улам, ага колун Монголия президенти сунуп олтурат. Эми ал Монголиянын атынан эл аралык мелдештерге катышмакчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ