Терең реформа жасабасак өлкөнү жоготуп алуубуз мүмкүн. Бул туурасында «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз Съезди учурунда саясый партиянын мүчөсү Мирбек Асангариев билдирди. Айтымында, бүгункү күнү Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасынан экономика, коррупция боюнча антирекорд кылып жатат.
«Коррупция менен күрөшкөн сайын ал өсүп жатат. Аны менен күрөшпөш керек. Паракорлукка алып келген себептер менен күрөшүу керек. Мисалы, жеке тармакта жетекчи оптималдуу жол издөө менен 3 адамдын ишин 1 адамга бере алат. Чиновниктердин, органдардын 70 пайызын кыскартуу керек. Алардын айлыгын иштеп калгандарга берүү зарыл. Бизге чакан өкмөт керек», – деди Мирбек Асангариев.
Эске салсак, бүгүн, 17-августта «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз Съезди өтүп жатат. Анда «Бир Бол» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалат. Мындан сырткары, партия мүчөлөрү тарабынан «КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана Съезд делегаттары тарабынан талапкерлерин тизмесин бекитүү» маселеси каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ