Menu

Видео – Москванын Жогорку соту Али Ферузду депортациялоо чечимин жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Москванын Жогорку соту «Новая газетанын» журналисти Али Ферузду Орусиядан чыгаруу тууралуу токтомду жокко чыгарды.

Журналисттин иши буга чейин аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган Москва шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлөт. Жогорку соттун пикиринде, Феруздун ишин кароо маалында анын жүйөлөрүнө укуктук жактан тиешелүү деңгээлде баа берилген эмес.

Жогорку сот Москва шаардык сотуна Германия элчилигинин 2017-жылдын 4-августундагы катын эске алууну сунуштады. Анда элчилик Ферузга Германияга барууга жана чет өлкөлүк паспорт алууга уруксат берилгендиги жазылган.

Феруз өткөн жылы августта миграциялык мыйзамдарды бузган деген айып менен Москванын борборунда кармалып, аны тез арада депортация кылуу чечими кабыл алынган. Бирок Орусиянын доо арыздарды караган соту ал чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. «Новая газетанын» башкы редакторунун айтымында, кармоо маалында укук коргоо кызматкерлери Ферузду сабашкан. Ал сегиз жыл мурда Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде журналистке “террорчул уюмдар менен кызматташкан” деген айып коюлган.

Өзбек бийлиги бир канча жылдан бери Феруздун Өзбекстанга депортацияланышына аракет кылып келет. Журналист Орусияда качкын макамын алууга документтерин тапшырган, бирок ага баш тартып коюшкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: