Адам ооруганда өзүн жакшы сезиш үчүн бал, лимон же имбирди жесе болот, бирок бул өнүмдөр COVID-19 таажывирус илдетинен айыкканга жардам бербейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Майкл Райан COVID-19 вирусун дарылоо ыкмалары жөнүндө суроого жооп берип жатып айтканын, Sky News басылмасы жазды.
«Адамдар ооруганда өзүн жакшы сезүүгө мүмкүнчүлүк берген тамактарды, мисалы, бал, лимон, имбир сыяктуу азыктарды колдонууну уланта бериши керек. Бирок алар бул өнүмдөрдү дары деп ойлобошу керек”,- деди Райан.
Ошондой эле ал, 1-апрелге карата вирусту дарылоонун далилденген ыкмасы жок экенин белгилеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ