Menu

Өлкөдө бир нече оппозициячыл саясатчылар түрмөгө кесилишти

Бөлүшүү:

2-августта Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун өкүмү угузулду.

Ал Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар прокуратура “эч кандай далил жок катаал жаза сурап жатат” деп айткан.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Ушул эле күнү “Элдик парламент” оппозициялык кыймылынын бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен камакка алынган мүчөлөрүнө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өкүм угузулду.

Алардын тарапкерлери “Азаттыкка” билдиргендей, Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жыл, Александр Гусевге 6, Тойгонбек Калматовго 5 жыл шарттуу түрдө, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтү чегерилди.

Алар баары былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет.

Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: