– Темирбек мырза, БШКдан кол топтооңузда мүчүлүштүктөрдүн айынан жарыштан четтеп калдыңыз. Алдыдагы аламан жарышта кайсы бир талапкерди колдоп чыгасызбы?
– Ооба, сынак комиссиясынын чечими менен талапкерлигим шайлоодон четтетилди. Азырынча саясый туруктуулугу, программасы биздин «Мекен Ынтымагы» партиясынын идеологиялык, саясый-экономикалык багытына туура келген талапкерди байкай элекпиз. Эгерде
улуттук кызыкчылыктын негизиндеги саясый иш-аракетибизди келечекте биргелешип ишке ашыруу сунуштары менен кайрылган татыктуу талапкер болсо, сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүү чечимин партиябыздын саясый кеңешинде талкууга салабыз.
– Биригүү боюнча эч кимден сунуш түшө элекпи? Бул сапар шайлоого канча каражат коротууну пландап жаттыңыз эле?
– Андай сунуштар бизде болгон эмес. Шайлоо каражаты жалпы массалык тармактарга жетиштүү деңгээлде партиянын фондунда каралган.
-Алдыдагы кадамдарыңыз кандай? Кайрадан эле кийинки шайлоолорго камынып, шайлоодон шайлоого катышып жүрө бересиз да ээ?
– Кыргызстан мамлекети жеке кызыкчылыктын негизинде эки жүздүү калп саясатын токтотмоюн, ыймандуу саясый позицияман тайбай, кыргыз элинин коомдук аң-сезимин көтөрүү милдетимди аткара берем.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ