Menu

Видео – Новосибирскиден Кыргызстанга уча албай, калып кеткен 200 кыргыз жараны кыргыз элине, президентине кайрылуу жасашты

Бөлүшүү:

“Биз кыргыз жарандары Толмачево аэропортунда олтурабыз, адам көп – 200 кишибиз, анын ичинде жаш балдар, жашы өтүп калгандар жана эки кат аялдар да бар. Эч кандай шарт жок. Бул жерде эл көп болгондуктан бири-бирибизден бир нерсени жугузуп алышыбыз мүмкүн. Колубузда билеттерибиз бар, каттоодон өткөнбүз, бизди үйгө жөнөткүлө, биз үйүбүзгө жетүүнү каалайбыз”, – дейт Россиянын Новосибирск шаарынан Бишкекке уча албай жаткан авиажүргүнчүлөрдүн бири.

“Кыргызстандыктар, бизди үйгө кабыл кылгылачы, урматтуу Сооронбай Шарипович! Үйгө кабыл кылгыла, эмнеге аэропортту ачпай жатасыңар бизге? Бул жактагылар коё беребиз деп жатышат, учурабыз, жеткиребиз деп жатышат. Эмне үчүн өзүбүздүн элибизди кабыл албай жатасыңар? Биз жалаң кыргыз элинин жарандарыбыз. Ошол жактан мейли кандай шарт менен кармасаңар да биз макулбуз. Бизди кармап текшергиле, бирок бизде эч кандай температура жок. Эмнеге өзүңөдүн жарандарыңарды кабыл албай жатасыңар? Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге кайрылып жатабыз”, – дейт экинчи авиажүргүнчү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: