Menu

Фото – Өзгөндө “Радикализм Исламдан эмес” аттуу райондук жыйын болуп өттү

Бөлүшүү:

25-март күнү Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясында “Радикализм Исламдан эмес” аттуу райондук жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Олжобай Осмоналиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов,  Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухамбед Эсенов, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун түштүк аймагындагы өкүлү Медербек Абдыманапов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мечит имамдары жана жалпы райондун активи катышышты. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Жыйында алгач укук коргоо органдары тарабынан жарандардын ар түрдүү терс агымдарга азгырылгандыгынын кесепети тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү. Андан соң Чубак ажы Жалилов жыйындын темасына байланыштуу маселе жасап,  Ислам баалуулуктарында бардык иш-аракеттер жарандарды туура жолго үгүттөп, бийик адеп-ахлактуулукту жана коомго пайдалуулукту үйрөтөөрүн түшүндүрдү.

Ошондой эле радикализм, терроризм  Исламдан эмес экендигин белгилеп,  көпчүлүк жарандар илимсиздиктин жана туура маалыматтуулуктун жоктугунан ар кандай терс көрүнүштөргө кириптер болуп жаткандыгын эскертип, андыктан ар бир ата-эне балдарынын интернеттен туура эмес маалыматтарды алуусун көзөмөлдөп, үй-бүлөөдө балага туура тарбия берүүгө кайдыгер карабай, динди үйрөтүүдө  расмий мечит имамдарына кайрылуу керектигин билдирди. Мындан сырткары мамлекет тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жалпы мечит имамдары, ата-энелер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде жана жогорку окуу жайларда жаштарды туура багытка үндөгөн тарбиялык иш-чараларды байма-бай уюштурууга чакырды. Жыйындын экинчи бөлүгүндө катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго шарият негизинде жоопторду берди. Соңунда жалпы жыйындын катышуучулары Чубак ажыга ыраазычылык айтышып, аталган жолугушууну райондун айыл өкмөттөрүндө да уюштуруу керектигин билдиришти.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов иш-чаранын алкагында райондун акими менен да жолугушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: