Menu

Өкмөт бөлгөн жана элден түшкөн каражат Дача-Су айылында кырсыктаган жарандарга кандай шарттар менен бөлүнүп берилгени туура?

Бөлүшүү:

Рита Борбукеева, мамлекеттик ызматкер:

“КӨП КАБАТТУУ ҮЙ БОЛГОНДО ЖЕР МАСЕЛЕСИ ДА БОЛМОК ЭМЕС”

– Дача-СУ айылында жабыр тарткандарга өкмөт көп кабаттуу үй берсе жакшы болмок. Башка жактан издебей, жер маселеси дагы чечилмек. Ушундай шартта гана проблема өзүнөн-өзү оңой чечилмек.

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:

“ӨКМӨТТҮН АДИЛЕТТҮҮ ЧЕЧИМИН КҮТӨМ”

– Бул маселени өкмөт чечиш керек! Өкмөт ар тараптуу, адилеттүү чечишин талап кылам!!! Депутаттар бул маселени толугу менен өкмөткө бериш керек деп эсептеймин! Анткени өкмөт башынан Дача-СУнун маселелерин билишет. Участкалардын кандай статусу бар, ким жерге муктаж, мектеп жана бала бакчалардын маселелери жана башка маселелердин бардыгы аларга айкын. Айрымдары батирде турушат, айрымдардын башка көйгөйлөрү бар. Бул жагын карап чыгуу керек. Өкмөттүн адилеттүү чечими болот деп мен ишенем.

Абдималик Эламанов, Жалал-Абад шаарынын экс 1-вице мэри:

“АР БИР ЖАРАНГА МОРАЛДЫК КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНҮП БЕРИЛҮҮСҮ ШАРТ

– Ош окуясы болуп өткөндө 1 миллиондон каза болгондорго төлөнүп берилип, үй-жай менен камсыз болгон эле. Бул Дача-СУдагы кырсык боюнча ошол айылда жашаган ар бир жаранга моралдык компенсация төлөнүп берилүүсү шарт, кандайдыр бир деңгээлде баары азапка батты, коркту жана коркунучта жашап, дагы деле тынч уйку жок… Ошондуктан ар бир үй-бүлөгө 1млн. сом төлөп, үй маселесин чечсе калкка жардам болмок. Ал эми үй-бүлөсү жабыр тартып курман болгондорго күнөөлүү тарап 100 миң доллардан төлөп берүүсүн талап кылуу керек жана учууга тыюу салуу зарыл.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

“МЕН БИЙЛИК БАШЧЫ БОЛСОМ ЖЕР ТААП, КӨП КАБАТТУУ ҮЙ САЛДЫРЫП БЕРМЕКМИН”

– Мен бийлик башчы болсом жер таап, көп кабаттуу үй салдырып бермекмин. Ошондо эл да шарт түзүлдү, маселе чечилди деп ыраазы болушмак.

Калк-Аман Бердибаев, укук коргоочу:

“АЛАР КҮНӨӨСҮЗ ЖАБЫР ТАРТКАНДАР”

– Каражат негизинен 3 багытта конкреттүү категориялар менен каралышы керек. Биринчиден, үй-бүлө мүчөсүн жоготуу үчүн компенсация;

Экинчиден, баш калкалоочу турак-жай маселесине. Ал эми үчүнчүдөн, ден соолук маселеси. Кырсыктан жабыркаган, ден соолугуна залал келтиргендерге өзүнчө каралашыш керек.

Ар бир багыт боюнча өкмөт каражат бөлүп берүүгө милдеттүү. Анткени алар күнөөсүз эле жабыр тартышты. Билет алып, самолетко өздөрү жанын тобокел кылган жок.

Ренат Самудинов, активист:

‘БААРЫ АЧЫК-АЙКЫН БОЛУШ КЕРЕК. ТВдан, ГЕЗИТТЕРДЕН АЧЫК ОТЧЕТУН БЕРИП ТУРУШУ КЕРЕК”

– Дача-СУга өкмөттөн да көп каражатты элдер чогултту. Анан ошол чогулган суммадан кээ бир атка минерлер өөнөп калалы деген сөздөр тарап жатат. Мага ошол Дача-СУдан бир эже келип: “Бөлүнүп жаткан каражаттын жарымын бизге берсеңер тизмеге кийиребиз, бербесеңер ар кандай шылтоо менен чийип салабыз” – дегендерди айтып берди. Ошондой сөздөр тарап жатканда, бийлик тарап ачык-айкындык үчүн комиссия түзүп, ал комиссиянын катарына жерги-иктүү Дача-СУнун тургундарынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана бийликтин өкүлдөрүнөн түзүш керек. Анан баары ачык-айкын болуш керек. ТВдан, гезитгерден ачык отчетун берип турушу керек. Антпесе дагы туура эмес сөздөр тарай берет. Бийликке болгон ишеним азая берет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: