Кыргызстанда бир жыл ичинде сегиз миң үй-бүлө ажырашкандыгы тууралуу «Балдарды коргоо борборунун» координатору Роза Сулайманова билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы 46 миң жуптун никеси расмий каттоодон өтүп, бирок сегиз миң жуп эки ача жолго түшкөн. Анын бирден бир себепкери – өлкөдө кыздар 16-17 жашында турмушка чыгып алган окуялар көп. Жаштар үй-бүлө курууга абдан шашылышат дагы, кийин ажырашып кетет. Ошондой эле Кыргызстанда расмий каттоого турбай эле нике кыйдыруу аркылуу жашап жүргөндөр көп экени айтылды. Эске салсак, муфтият өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган буйругун былтыр декабрь айында чыгарган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ