Өткөн жумада Өмүрбек Бабановдун Ысык-Көлгө болгон сапарынын урунтуу бир жерин чагылдыралы. Стадиондон №54 жылкы заводуна дүйнөлүк деңгээлде чуркаган «Айландер Уан» аргымагын тапшырып жаткан учурда, берки ардактуу орунда Камчы Көлбаев көз кырын салып турганын байкагандар бизге кабарлашты. Жалпы эл колдоп, сүрөп жатканда Камчы мырза да элдин сүймөнчүгүнө ичи жылыганы айтылууда. Ток этери, Камчы да, Өмүрбек дагы кыргыздын бычакка сап уулдары. Бирок, ошол ийгиликтүү саамалыктан кезигишпей кеткендери туңгуюк бир суроону жаратпайбы?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ