Menu

Көпкөндүк: СДПКчы Асылбек Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлер иштеген кабинетти өзүнө туалет жасатып алыптыр

Бөлүшүү:

Төрагалык төрдөн шыпырылган Асылбек Жээнбеков кабинетин төрага Чыныбай Турсунбековго бошотуп берип, өзү кызматсыз калыптыр. Мурда кенен кабинетте чалкалап отурган Жээнбеков Ак үйдүн 3-кабатындагы кадрлар бөлүмүнүн 3 кабинетин (321, 322, 323), кодификация бөлүмүнүн кабинетин (324) коштуруп, 4 кабинетти бириктирип, бирөөнү эс алуучу, бирөөнү жеке даараткана, дагы бирин эс алуучу бөлмө кылыш үчүн бөлдүрүп алыптыр. Ал жерде отурган кызматкерлер кадрлар бөлүмү Жогорку Кеештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдун кабинетине, Кожомкулов өзүнүн орун басары Кадыровдун кабинетине, Кадыров Жогорку Кенештин гаражына көчүптүр. Ал эми кодификация бөлүмү Ак үйдүн короосундагы каттар бөлүмүнүн кабинетине көчсө, каттар бөлүмү көчөгө профсоюздун имаратына көчтү. Албетте, бул “көчүүлөр” абдан чон ынгайсыздыкты жаратат. Ушул убакка чейин кенен Ак үйгө баары батып келип, Жээнбековдун өзүмчүлдүгүнүн айынан канча кызматкерге ынгайсыздык жаралып, нааразы болушууда. Арасынан Асылбекти каргап жибергендери да жок эмес. Эсиниздерге сала кетсек, буга чейин “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болуп келген Жыргалбек Саматовго кабинет табылбай эки ай кабинет издешкен. Ал эми СДПКчы экс-төрага Асылбек Жээнбеков оюна келгенди жасап, чалчандай береби?! Же төрагалыктан түшсөм да фракциянын лидери болуп калам деп ниет кылып, ал ою ишке ашпай калып, ачуусу менен керек болсо 4 кабинетти бириктирип отурам деп кызматкерлерди кыйнап жатабы?! Асылбек Шарипович, беш маал намаз окуган адамсыз, бирөөгө зыянынызды тийгизбей жүрсөнүз болбойбу?! Пайдан тийбесе, зыянын да тийбесин деген сөз сиздейлерге айтылат.
Элди бозортпой Асилбек Жээнбеков эл барган эле дааратканага барсаныз эмне болот? Кызматкерлерди мыйзамдуу эс алуу учурунда 3-майда жумушка чакыртып, көчтүргөнүнүз адамгерчиликке жатабы? Көпкөндүктүн да чеги болот го?!
Булак: maalymat.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: