Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн өспүрүмдү үйүнөн таап беришти. Бул тууралуу 6-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-ноябрда болжол менен саат 17: 18 чамасында Бишкек ШИИББнын”102″ кызматына 6-кичи районунда жаш бала жоголуп кеткендиги тууралуу чакыруу келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1993-жылы туулган У. К. аттуу айым, 2012-жылы туулган К. А. аттуу баласы жоголуп, издеп жүргөндүгүн кабарлаган. Кайгуул кызматкерлеринен баласын таап берүүнү өтүнгөн.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери Адылбеков Н. жана Сагындык у.И. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай жаш баланы үйүнүн короосунан таап беришти.
Өз кезегинде жаш баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ