Menu

Бишкекке Россияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана медицина кызматкери учуп келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот – Россия аба жолдору» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 426 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КРнын Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Аталган каттам менен, Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулуктун аягында жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине шашылыш кайтып келүү үчүн олуттуу себептери бар жарандар, мисалы: катуу оорулар, жакында жасалган операция, жоготуу, жана башка оор турмуштук жагдайлар.

Ошондой эле Россияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана медицина кызматкери учуп келди. Алар коронавирустук инфекция менен күрөштө мекендеги кесиптештерине көмөктөшөт. Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат”, – деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: