7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБдин имаратында бир катар журналисттер жана пандемия учурунда милицияга көмөктөшкөн коомдук активисттер сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Аларга ИИМдин медалдары жана ардак громаталары, Жалал-Абад ОИИБдин сыйлыктары тапшырылган.
Сыйлык тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович журналисттерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын аткарып жаткан жумуштары жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалаган.
Ошондой эле милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда салым кошуп келе жаткан коомдук активисттерге ыраазычылыктар айтылган.
Өз кезегинде сөз сүйлөгөн коноктор милициянын азыркы аткарып жаткан жумуштарына оң баасын беришип, элибизге ак кызмат өтөөдө талыкпай эмгектенип жатышкандыгын белгилешип, соңунда Жалал-Абад шаардык борбордук мечитинин имамы Нематулла ажы Жээнбеков ак батасын берип, милициянын ишине ийгилик, элибизге тынчтык, мамлекетибизге туруктуулук жана өсүп өнүгүү тилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ