2011-2016-жылдары Атамбаевдик-Текебаевдик бийликтен куугунтук жеп, АКШга банпаанек сурап кеткен журналист Адилет Айтикеев экс-президент Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, “Фрунзенин кечтери” аттуу ырды ырдап берди.
“Урматтуу Курманбек Салиевич!
Сиз ырдаган ырды жактырып уктум, абдан жакшы ырдайт экенсиз. Сизди 70 жылдык юбилейиңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Ар дайым бекем ден соолукта, тынч аман өмүр сүрүшүңүздү тилейм!
Ошондой эле белгилеп кетерим, учурда сиз тууралу интернетте ар түрдүү талкуулар жүрүп жатат, бирок менин айтарым, сиздин президенттик дооруңузда жасаган ийгиликтериңизге жана кемчиликтериңизге тарых баа берет. Ар дайым ден соолукта болуңуз!” – деп билдирет бозгундагы журналист Адилет Айтикеев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ