Menu

Жогорку Кеңеш спикери Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө кийлигишпейт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпейт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш.

“Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет”, – деди Ибраим Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда кармалганы белгилүү болгон. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап, Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын” маалымдаган. Алардын ичинде Кыргызстандын төрт жараны бар экени белгилүү болгон.

36 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: