Ала-Бука районунда жайгашкан Кош-Алмурут айылынын тургундарынын ушул жылдын 18-июль айында жазган Элдин сабыры түгөндү деген, сел алган көпүрө тууралуу катыбызга Президенттин Аппаратынан 22-июлда № Ж-4447 жооп кат алдык. Анда бул көйгөйлөр тууралуу бир нече министрликке тапшырмалар берилгени айтылган. Бирок ал министрликтерден канааттандыраарлык жооп алган жокпуз. Анткени район өз көйгөйлөрүн өзү чечиш керек экен.
27-июлда райондун акими С.Акпаралиев, Балтагулов айыл аймагынын башчысы М.Парпиев бизге билдирүү кат жөнөткөн. Ал катта: Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан 72 метр швеллер, 3 тоннадан ашыгыраак арматура, 19 тонна цемент жардам берилип көпүрө ашар жолунда курулат деп айтылган. Бирок, бир айдын жүзү болуп калды – швелер берилген жок, ошондуктан иш токтоп турат. Учурда элдин кыйынчылыгы күч, сайга суу кирип малды айылга киргизүү үчүн, 5 км жерди айланып өтүүдөбүз. Күз айы да кирип келди эл кааласа да колу бошобой калат.
Райондун жеткчилигинин “уюшкандыкта” алып барган иши, биздин жагдайыбыз ушул. Ал эми Транспорт жана жол, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине биздин эч кандай тиешебиз жок экен. Ошондуктан Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сооронбай Шарипович, – элдин көйгөйүн чечүүгө жөндөмсүз, өз милдеттерине жоопкерсиз, өзүңүздөр шайлаган жергиликтүү бийликке элдин түйшүгүн жүктөп элдин күнүн түшүрбөй, бул маселени көзөмөлгө алып, аягына чыгарып берүүңүздөрдү көптөн көп өтүнөбүз.
Ала-Бука районундагы Кошалмурут айылынын тургундары
23.08.2016-ж
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ