Орусия президенти Владимир Путин Ульяновск унаа заводуна барып, ошол жерде чыгарылуучу «Патриот» унаасына түшмөкчү болуп, бирок эшигин ача албай койгон. “Интерфакс” билдиргендей, Коргоо министрлигинин башкы башкармалыгынын жетекчиси Александр Шевченко Путинге жардамга келген. Бирок ал күчкө салып тарткылай бергендиктен, унаанын эшигинин туткасы үзүлүп кеткен. “Патриотту” ойлоп тапкандардын айтымында, унааны от алдырганга чейин эшиктери ачылбайт. Путинге болсо бул жөнүндө эскертилбей калган.
Путин бейшембиде аскер өнөр жайы комплексинин өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөн. Андан соң ага УАЗ маркасындагы унаанын аскерий максаттарга колдонууга ылайыкталып жасалган түрүн көрсөтүшкөн. “Патриот” унаасына 12 миллиметрлик пулемет менен танкка каршы гранатомет орнотсо болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ