Menu

Каптагаев капталдан соккон оюн ортого салды

Бөлүшүү:

Экс-губернатор Эмилбек Каптагаев 2 күн мурун «фейсбук» баракчасына эгемендүүлүк күнү борбордук аянтка экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин чакырылгандыгы боюнча оюн жазып чыкты. Анда мындай деп айтты: «Бүгүн 31-августтагы Эгемендүүдүк күнүнө карата салтанатка Экс-президенттер Роза Исаковна Отунбаева менен Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин чакырылуусу катуу талкуу жаратты, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан суроо: « Атамбаев бети чыдап келеби же келүүгө кудурети жетпейби?» – деген. Чынында бул чакырууда эч кандай сенсация жок, 2012-жыддан 2016-жыддын 31-августуна чейин Роза Исаковна бардык мамлекеттик мааниси бар иш чараларга чакырылып, катышып эде келген. Кептин баары Атамбаевдин ошол күндөгү жосунсуз жоругунан башталганын эл билет. Анын бийликти узурпациялап алуу аракетин биз ачык айтып чыкканга жаны ачып суу кечпеген сөздөрдү айтып, өзүнөн башканын баарын карга-кузгунга теңеп, мародерлордун бети ачылат деп жар салды эле, аягы барып өзүнүн жан-жөкөрлөрү жапырт эле уурулуктан кармалып, камалып, жер басып алган, мүлк тартып алган мародерлор да өзүлөрү болуп чыкпадыбы. Учурда Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун жаңы саясий наркты түптөөгө, жаңы саясий маданиятты калыптандырууга болгон аракети колдоого арзыйт. Коомдогу «НАРК» утурумдук саясий кызыкчылыктан бийик болуп, бийлик башындагылардын жеке көз карашынан, өөдүк-сөөдүк жүрүм турумунан көз каранды болбогону дурус, мамлекеттик мааниси бар иш чараларга, чоң салтанаттарга кимдер катышып, кимдер чакырыла турганы атайын протокол менен бекитилип, ал жобо кынтыксыз аткарылса эч кандай талаш-тартыш болбойт эле деп ойлойм. Чатактын баары «аны чакыр, муну чакыр, тигини чакырбай эле кой» – деп жеке ич күптүлүк менен коомду бөлүштүргөндөн башталып жатпайбы» – деди. Чын эле Каптагаевдин айтканында данек бар го, ыя?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: