Жакында Кыргыз Республикасынын экс-ледиси Раиса Атамбаева кызы менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып кайтты. Анын эс алуусу көп учурда Ысык-Көл районундагы Өрнөк айлында жакын курбусунун үйүндө болгонун жергиликтүү тургундар кабарлашты. Барыдан да анын жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин байкаган Өрнөктүктөр азыркыга дейре айтып түгөтө албай келишет. Элеттиктер менен кадимкидей аралашып, алар менен тил табышып, бакчаларын аралап жер-жемиш терип… Дегинкиси экс-лединин айыл турмушунда да ыкчам, тың экенин өз көздөрү менен көргөн аталган айылдын тургундары Раиса Атамбаевага болгон алкоо кептерин азыр да айтып жүрүшөт.
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ