Кыргызстанда быйылкы жыл ичинде мөөнөтү аяктай турган паспорттордун баары жыл аягына чейин жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ