Menu

Марс Сариев, саясий серепчи: «Атамбаев өзүнүн партиясы менен кайрадан парламентке келиши мүмкүн»

Бөлүшүү:

— Марс мырза, Орто Азиядагы мамлекеттердин арасынан Кыргызстанда биринчи жолу президент өз каалоосу менен кызматын өткөрүп бергени жатат. Мындай саамалыкка бул чөлкөмдөн тышкары Батыш өлкөлөрү кандай көз караш менен карап жатышат?

— Кыргызстан Орто Азияда өзгөчө мамлекет болуп эсептелет. Деги эле бул аймакта мурда мындай учур болгон эмес. Анткени муну Европадан келген өкүлдөр колдогондон тышкары, Батыш өлкөлөрү бизди аябай кызыгып карап жатышат. Бир гана Орто Азия эмес, жалпы эле Чыгыш Азия боюнча алып караганда да аларда биздикиндей президент жок. Себеби биздин коңшуларда мамлекеттик башкаруунун президенттик формасын тандап алышкандыктан баардыгында тең авторитардык режим бекем орноп калган. “Бул өлкө парламенттик башкаруу формасын тандап алгандыктан чыныгы демократиялык жол менен аягына чейин кете алабы?!” деп өзгөчө Азия чөлкөмүндө жайгашкан мамлекеттер бизге аябай көз салып жатышат.

— Батыш өлкөлөрү баалап жатканы менен биздеги бул көрүнүш коңшу өлкөлөрдү кооптондуруп жатса керек. Буга эмне демекчисиз?

— Мурдагы постсоветтик республикалардын арасынан Өзбекстан өзүнүн өзгөчө жолу менен кетти. Ал эми Россия баш болгон Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан мамлекеттери биздин тандап алган жолубузга эмнегедир корккондой түр көрсөткөн көз караш менен байкоо салып жатканы билинип эле жатат. Себеби, биздин өлкөдөгүдөй демократия болсо, аларда чатактын баары башталат. Албетте, аларга мындай башкаруу жакпайт. Анткени биздин парламенттик республика катары башка жолду тандап алганыбыз аларга тикенектей эле сайылып жатат.

— Жаңы шайланган президент Жээнбеков кызматтан кетип жаткан президент Атамбаевдин айтканынан чыга албасы тууралуу маалыматтар коомчулукта азыртадан эле айтылып жатат. Чын эле ал киши өз алдынча саясат жүргүзгөнгө жөндөмсүзбү?

— Мындай пикирлер негизсиз, туура эмес. Анткени, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков бир-эки жылдын аралыгында өз алдынча ишмердүүлүгүн жүргүзө албаса, келечеги анча деле жакшы болбойт. Эгерде кызматтан кеткен президент Кой-Ташка жатып алып дагы эле мамлекетти башкара берсе, анда кийинки президентти эч ким деле сыйлабайт.

— Атамбаев буга чейин эле эки ача сүйлөгөнү менен элдин эсинде калды. Башында кызматтан кеткенден кийин чыгармачылык менен алектенип саясатка аралашпай тургандыгын ачык айтты эле. Кийинчерээк саясатка кайра келээрин баса белгиледи. Бул киши бийликтин даамын жакшы эле татып калгандыктан, келээрки парламенттик шайлоого катышуу үчүн өзүнүн партиясын күчтөнтө тургандыгы тууралуу маалыматтар менен да кабардарбыз. Мындай маалыматтарды сиз деле билсеңиз керек?

— Чын эле азыркы президент учурда өзүнүн партиясын абдан күчтөнтүп жатат. Ал эми башка жагынан карасак, оппозиция тараптагы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге дагы кысым жасаганга анын партиясындагыларды көндүрүп жатышат. Бабанов деле лидерликтен баш тартты. Учурда анын фракциясын деле ичинен ыдыратканга аракет кылып жатышат. Себеби азыркы парламент президенттин сөзүнөн чыкпай, анын айткандарын 80% пайыз колдоп берчү. Демек, бул парламент ал киши үчүн эң ыңгайлуу парламент болчу. Ошон үчүн Атамбаев өзүнүн партиясы менен кайрадан парламентке келиши мүмкүн.

— Эгерде партиялык тизме менен мындан кийин деле жалаң эле акчалуулар парламентке келе берсе өлкөбүздүн келечеги кандай болот?

— Эгерде партиялык тизме менен парламенттен мандат алган олигархтар мамлекеттик казынага күч келтире турган көрүнүш дагы эле улана берсе, анда Кыргызстан таптакыр “тупикке” кептелип, толугу менен “банкрот” болот.

— Олигархтарды андай мүмкүнчүлүктөрдөн кантип ажыратууга болот?

— “Таза коом” программасы ишке толук кандуу киргизилгенден кийин казынаны жеп-жута турган парламенттеги олигархтар жана башка кландар мурдагыдай мүмкүнчүлүктөрдөн ажырайт. Себеби салык, бажы дегендин баары жалаң эсеп-чот менен болуп калат. Мындан тышкары күч структураларында реформа жүргүзүлгөнү жатат. Анткени бул жакта да көптөгөн коррупциялык схемалар кездешип жатпайбы. Ошон үчүн “Таза коом” программасы аткарылып, күч структуралары таза болуп, мыйзам бекем сакталып, коррупцияга жол ачкан “кормушкалар” жоголсо, сот реформасы оңдолсо, анда биздин өлкө өнүгүп кетет. Ошондо гана бизди мамлекет катары коңшу өлкөлөрдөн тышкары дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер дагы кабыл алат.

— Бул жолку президенттик шайлоодо негизги фавориттер болгон Жээнбеков менен Бабановдун дебат учурунда кантип кайым айтышканын сиз деле уксаңыз керек. Жээнбеков жакында өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын толугу менен колго алганы турат. Бабанов болсо баш калкалап чет өлкөдө жүрөт. Бул тууралуу пикириңиз кандай?

— Жээнбеков дебатта чын эле ага “Коррупцияны биринчи сенден баштаймын!” деп айткан. Бирок түштүктөгү Он-Адыр айылында Бабановдун элге кайрылган видеосу атайын монтаждалганы билинип эле турат. Анткени видеонун башы менен аягын кыркып алышып, аны жанагыдай сөздөрү үчүн “улуттар аралык кагылышууларга чакырык таштаган” деп айыптап жатышпайбы. Бул деген толугу менен туура эмес, “подстава” дегенди билдирет. Эми мындай көрүнүштү Бабановду биротоло саясий аренадан четтетүүнүн максаты болгон деп билем. Ал максат азыркы кезде чын эле ишке ашырылды. Бабанов болсо “Кой, азырынча сыртта жүрө турайын. Кокуй кайра келсем “отургузуп” коюшпасын” деп Кыргызстандан чыгып кетти. Ошон үчүн ага жабылган жалаа туура эмес болуп калды. Эми коррупция дегенден кийин шашпай эле инаугурациядан кийин факт менен иш козголушу керек эле.

— Саясатта кызыкчылык гана бар эмеспи. Сооронбай Жээнбеков азыркы президенттин саясаттагы досу болсо да баары бир күчкө толгондон кийин СДПКнын көзүн карабай өзүнүн партиясын түзүп жакынкы жылдарда парламентке алып келиши мүмкүнбү?

— Туура айтасың, Жээнбеков өзүнүн партиясын түзүп парламентке алып келиши мүмкүн. Себеби СДПКны карап отура берсе, анда Жээнбеков чын эле “кручокко” илинип калгандай абалда болот. Мына карасаңар, Чыныбай Турсунбековду эмне кылышты? Москвадан дагы сигнал келди. Чүйдөгү элитанын өкүлдөрү дагы колдой турган болушканда аны бир заматта “жайлап” салышты. Ошону дагы Жээнбеков түшүнүп жатат да. Ошон үчүн эки жылда күчкө толгондон кийин өз алдынча партия, же саясий күч топтойт. Антпесе толугу менен эле СДПКнын көзөмөлүндө болуп калат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: