Ноокат районунда 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Ош шаардык сотунунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, пара менен кармалган К.З.нын бөгөт чарасы кечээ, 5-декабрда, Ош шаардык сотто каралган. К.З.нын ден соолугунун жана жашы жете элек эки баласын эске алуу менен аны үй камагына чыгарган.
Эске сала кетсек, 3-декабрда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору З.К.5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. 4-декабрда ага тез жардам чакырылып, ооруканага жаткырылганы маалымдалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ