Menu

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Атамбаев мамлекетти жеке менчик огородундай пайдалангысы келген!”

Бөлүшүү:

Кечээ жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушуп, алар менен бир топ маселелерди, учурду талкуулаганы белгилүү. Ошол жолугушууда мамлекет башчысы мурдагы президент А.Атамбаевге байланыштуу да пикирин айткан экен.

Бул тууралуу жолугушууга катышкан Эмилбек Каптагаев маалымат булактарынын бирине курган маегинде билдирген:

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Атамбаев тууралуу да оюн айтты. “Ал дагы биз менен ушул жерде чогуу отурса жакшы болот эле”- деди. Анткени мен айткандай 2010-жылы жоопкерчиликти чогуу алганбыз да. Эми сөзү ынанымдуу, анткени айтып жатат: “Мен жакшы эле чыдадым, күттүм. Мага карата канча сөздөрдү айтты, жооп кайтарган жокмун. Бирок, ошентип келип аягы туңгуюкка кептелип калды. Ошол туңгуюктан өзүнө өзү кылып, өзүнүн жолун тапты. Мен эми бул жерде эмне кыла алам?”- деди. Чынын айтканда ошондой да, Атамбаев өзүнүн тагдырын өзү чечти да”, – дейт ал.

Ооба, ырасында эле Атамбаев бийликтен кеткенден кийин дагы мамлекетти көмүскөдө өзү башкаргысы келди. Ал эми өзүнүн алты жылдык президенттик ишмердүүлүгү учурундагы коррупциялык иштери ачыкка чыга баштаганда бийликке каршы элди тукуруп, трайбалисттик саясатты тымызын жүргүздү. ИИМдин мыйзамдуу суракка чакыруусун тооткусу келген жок. Аягы эмне болгонун баарыбыз билебиз.

“Көбү эле айтып жатат да, дос болгондон кийин кечирим деп. Дос болсо эле кечириш керек, же өз ара жарашып алыш керек деп айтыштын өзү туура эмес да. Анткени экөөнүн ортосунда жеке мамиле эмес, экөө нан талашкан жок, экөө эт талашкан жок дегендей. Экөөнүн талашы мамлекет жана мамлекеттин тагдыры болуп атат. Атамбаев мамлекетти жеке бийлеп, өзүнүн менчик огородундай пайдаланам дегенде азыркы президент ошого каршылык көрсөтүп койду”,- дейт андан ары Эмилбек Каптагаев.

Достуктан да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат. Бийликтин башында турган адам: “бул досум эле да”- деп досунун коррупциялык иштерине көзүн жуумп койсо туура болмокпу? Анда элдин кызыкчылыгын тебелегендик болуп калмак. Андыктан АШАнын маалыматчылар “досун сатты” деген пиар-жүрүштөрү менен тескерисинче элдин кыжырын кайнатып, Атамбаевди элге ого беш бетер жек көргөзүп алышканын түшүнүүлөрү керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: