Борбордук Азия өлкөлөрүндө тартылып жаткан «Устат» аттуу кинону жыйынтыктоо үчүн чыгармачыл топ Кыргызстанга келишти. Учурда тасма Бишкекте тартылууда. Бул тууралуу уюштуруучулар бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, тасма буга чейин Оруия, Казакстан жана Тажикстанда тартылган. Жыйынтыктоочу эпизоддорду тартууга Кыргызстанга келишкен. Киного белгилүү кыргыз актерлору тартылган, алар: Азиз Бейшеналиев, Канат Абдырахманов, Татьяна Горобченко, Нурис Бектурова жана башкалар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ