Menu

Сооронбай Жээнбеков Илмияновдон коркобу?

Бөлүшүү:

Бишкек шаар МАИ башчысы Талантбек Барпиев иш билги, мыкты жигит болгону менен мыйзамсыз иштерге да барып жатканы өкүнүчтүү. Гезитибиздин өткөн санында МАИде иштебеген эле бирөө бир жыл бою айлык акы алып жүргөнүн жазган элек. Бул боюнча териштирүү иштерин ИИМдин Ички коопсуздук кызматы иликтеп жатса керек. Бирок андан майнап чыгабы? Анткени аталган башкармалыктын башчысы Барпиевдин жердеши, коргоочусу Искандер мырза болуп жатпайбы. Анан ал кантип акты ак, кара кара дейт? Карга карганын көзүн чокубайт да. Дагы бир кызык жагдай, ИИМ министри Улан Исраилов да чара көрө албашы мүмкүн. Анткени, ал өткөндө Эркин Мамбеталиевдин стоянкадагы машинелерин чыгарып берген төрт бөлүм башчыны кызматтан алып, ал эми алардын жетекчиси Барпиевди калтырып койгон. Ал эми ИИМдеги кадр маселесин Ички коопсуздук кызматынын башчысы Искандер мырза чечип жатканын эске алсак, демек Барпиевди түздөн-түз ошол киши өзү колдоп келээри ачыкталып жатпайбы. Эч кимге тили өтпөгөн Исраиловду Сокең кызматтан кетирүүгө даабай жатат. Анткени, Исраиловдун тагдыры Икрамжан Илмияновдун колунда. Ошентип Сокең өз алдынча чечим кабыл алууга батына албай Икрамдан коркуп отурат…болбосо бир чара көрөт эле го эмгиче…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: